• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 16 жолу жоопкерчиликке тартылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 16 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кайрадан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 12-октябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2019-жылдын 10-октябрь күнү Ош шаарынын Нурматов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде белгисиз атуул эч бир себепсиз уруп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендигин билдирген.

Чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен катталган. Шектүүгө издөө жарыяланган. Жабырлануучуга тиешелүү экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгисиз адам мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп жүргөн Аманкелди аттуу жаран экендиги аныкталды. Ал Өзгөн районунда каттоодо турганы менен Ош шаарында жашап турган.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан ушул жылдын 28-январында мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 1997-жылы туулган А.А., аттуу жаран кармалган. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү мурда жасаган кылмышы үчүн Ош шаарында жайгашкан жазаны аткаруу кызматынын жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, бул кызмат тарабынан дагы издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий