• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер органдарына Ош шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү суранган.

Жабырлануучу билдиргендей, 2016-жылдын июнь айында автоунааны сатуу жана сатып алуу келишимин түзүшкөн. Сатуучу өзүнүн “Тайота-Превия” үлгүсүндөгү автоунаасын 180миң сомго баалаган, бирок сатып алуучу 50миң сомун гана берип, калган сумманы бир айдан кийин берүүнү убада кылган. Андан соң автоунаанын жаңы ээси изин жашырып кеткен, кийин ал автоунааны үчүнчү жакка сатып жибергени аныкталган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жакында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун аймагынан шектүү 1973-жылы туулган К.Ж. кармалып, тергөө органына жеткирилди.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран К.Ж. УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий