• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Уюшкан кылмыштуу уюм түзүү. УКМК Көлбаевдин кармалышынын чоо-жайы тууралуу

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбеков) кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө кримтөбөл Көлбаевге байланыштуу маалыматтар алынган.

Материалдар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 249-берененин 1-пункту (Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарында Көлбаевдин турган жери аныкталып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн аны УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына алып келинген.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында Камчы Көлбаевдин жана ага байланышкан адамдардын кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий