• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Чүй милициясынын онлайн кеңешмеси өттү

Коом 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдарынын онлайн кеңешмесинде ыкчам-кызматтык ишмердикти жакшыртуу боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кеңешмеде Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан 2020-жылдын 9 айында аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча жыйынтык чыгарылып, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча талкуу болду. Анда коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу, ошондой эле коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин бети ачуу жана сотко чейинки өндүрүш иштерин алдыга жылдыруу боюнча тапшырмалар коюлду.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, зарыл болгон ыкчам издөө иш-чараларын жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерине талаптар коюлду.

Ошондой эле кызматкерлердин ички тартиптерине көңүл буруу, коомдук жайларда алдын алуу жумуштарын жакшыруу маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий