• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Уюштуруу комитети Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү планын карады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү, анын жүрүшүндө аталган датага арналган юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана аны өткөрүү планы каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

«Мамлекеттин эегемендүүлүккө ээ болуусунун 30 жылдыгы тарыхый маанилүү иш-чара болуп саналат жана иш-чараларды уюштуруу жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү керек. Окуянын маанилүүлүгүн эске алуу менен пландагы ар бир иш-чара жарандардын жана өсүп келе жаткан муундун аң-сезимин патриоттуулукка жана Ата Мекенди сүйүү сезимин калыптандырууга багытталуусу тийиш», - деп белгиледи уюштуруу комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.

Республиканын түптөлүшүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чараларынын планына Бишкек шаарында жана аймактарда өткөрүлчү 100дөн ашуун иш-чаралар киргизилген.

Атап айтканда, ири эл аралык долбоорлор пландаштырылып, театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, бир катар ири көргөзмөлөр жана ат оюндары өткөрүлөт.

Ошондой эле, улуу Кыргыз Каганатынын түзүлүшүнөн баштап, азыркы мезгилге чейинки Кыргыз Республикасынын басып өткөн жолу тууралуу сүрөт китебин түзүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, аймактарда 70тен ашык иш-чаралар каралган жергиликтүү пландар мерчемделүүдө.

Улукбек Марипов белгилегендей, бардык иш-чаралар республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.

Талкуунун жүрүшүндө бир катар сунуштар жана сын-пикирлер айтылды. Кыргыз Республикасынын президентинин кайрылуусуна ылайык, планга кыргыз элинин Бүткүл дүйнөлүк Курултайын өткөрүүнү киргизүү сунушталды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоо боюнча Иш-чаралар планын толуктап иштеп чыгууну жана сын-пикирлерди эске алуу менен үч күндүн ичинде уюштуруу комитетинин талкуулоосуна сунуштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий