• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ухань бийлиги беш күндө 11 млн кишини коронавирус тестинен өткөрдү

Дүйнө 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында 11 миллион киши COVID-19га карата тесттен өттү. Буга чейин калаада инфекция аныкталганы кабарланган.

Ухань шаарынын жогорку кызматтагы аткаминери Ли Тао 8-августтагы маалымат жыйыны учурунда беш күн мурун башталган тест 6 жаштан жогорку, калктын бардык катмарын камтыганын билдирди. Жыйынтыгында 9 кишиден коронавирус аныкталып, карантинге жөнөтүлгөн.

Анын алдында шаарда COVID-19 вирусун жуктурандар 37 кишиге жеткен, 41 адам коронавирустун “симтомсуз” түрүнө чалдыкканы аныкталган. Бул тууралуу Xinhua агенттиги кабарлаган.

Шаар бийлиги тест жүргүзүү үчүн 28 миң медициналык кызматкер тартылып, 2800 анализ алуу жайы иштегенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий