• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ухандан келген 18 кыргызстандык студент карантинден кийин үйлөрүнө чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 15.02.20. /Кабар/. Кытайдын Ухань шаарынан келген 18 кыргызстандык студент бүгүн, 15-февраль күнү карантинден кийин үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, алар 14 күндүк карантинде болушту. 18 студенттин тең абалы канааттандырарлык.

"Алар 2-февраль күнү аэропорто текшерүүдөн өткөндөн кийин карантинге алынган. Жаңы коронавирустун белгилерине текшерилип, анализдеринин жыйынтыгы терс чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 18 кыргызстандык студент Бишкекке 2-февраль күнү келген.

Пикир

Оставить комментарий