• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК 20 миллион долларлык дээрлик жарым тонна героинди кармады – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. 20 миллион долларды түзгөн 440 килограммдан ашык героин баңги заты кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан узак жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө, Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин – баңгизаттарды ташып алып өтүп жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2021-жылдын 13-майында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү учурунда Ош областынан атайын жашыруун жерге бекитилген жери аныкталган оор жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен жалпы салмагы 440 кг ашык болгон баңгизат (героин) табылып алынды. Кармалган героиндин учурдагы базардагы баасы 20 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген КР эки жараны кармалып КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында, укук коргоо органдарынын практикасында биринчи жолу ушундай ири масштабдагы баңги каналынын ишине бөгөт коюлуп, рекорддук көлөмдөгү героин түрүндөгү баңги затынын колго түшүрүүгө мүмкүнчүлүгү болду.

Маалымат катары: 2020-жылдагы БУУнун Дүйнөлүк отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө 35 миллион адам баңги затын колдонуудан жабыр тартышууда. Ошол эле учурда, баңгизатты колдонуудан улам болжол менен 200 миңден ашык адам көз жумууда.

Пикир

Оставить комментарий