• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК 200 килограмм сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылгандарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкк, 05.10.22. /Кабар/. Жалпы салмагы 200 кг болгон сымапты мыйзамсыз сатуу каналы токтотулду, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК).

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында жалпы салмагы 200 кг металл сымапты 1 килограммын 100 АКШ долларынан мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1965-жылы туулган Б.Ж.К., 1981-жылы туулган А.М.У. жана 1995-жылы туулган А.у.Б. аттуу КР жарандар кармалды.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 292-берененин 2-бөлүгү ("Күчтүү же уулуу заттарды сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш ишинин алкагында кармалгандыгы айтылат.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.М.У. жана А.у.Б. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда өтө эффективдүү уулуу затты уурдоо, ташуу жана сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий