• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК 2010-жылдагы мародерлук боюнча иликтөөнү баштады

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2010-жылдагы окуялар учурунда мародерлук фактысы боюнча иликтөөнү баштады.

УКМКнын басма сөз кызматы иштин материалдары атайын кызматтарга берилгенин ырастады.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2017-жылы 14-мартта 2010-жылдагы мародерлук фактысы боюнча кылмыш иши андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн УКМКга берилген.

Аталган кылмыш иши 2012-жылы 22-августта Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш кодексинин 168 (“Тоноо”), 172 (“Мыйзамсыз унаага же башка автотранспорт каражатына ээлик кылуу”), 208 (“Кымбат-баалуу металлдарды мыйзамсыз айландыруу”), 245-беренелеринде (“Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап алуу”) каралган кылмыш белгиси боюнча козголгон. Иликтөөнү Ички иштер министрлигинин Башкы тергөөө башкармалыгы жүргүзгөн.

Азыркы учурда УКМК иштин кырдаалын аныктоо жана ага катыштыгы бар тараптарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Соттордо Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев жана Дастан Оморов, андан тышкары ИИМдин 9-бөлүмүнүн мурдагы башчысы, милициянын полковниги Абдували Акжоловго карата иштер каралып, алар 2010-жылдагы апрель окуясы учурунда мародерлукка айылталып жатат.

Тергөөнүн аныкталган маалыматына караганда, кылмышкерлер “Манас” аэропортунун кызматкери жаран Владимир Тянды тоноо жана 7,5 млн сомун карактап алуу, ошондой эле Кыргызстандын мурдагы муфтийи Мураталы ажы Жумановду уурдап, андан ачка талап кылууга айыпталышууда.

Булак: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий