• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: 2018-жылда коррупция боюнча 60 кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин чечимин ишке ашыруунун алкагында КР УКМКсы экономика чөйрөсүндөгү жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануудагы кылмыштар боюнча токтотулган жана кыскартылган иштерди инвентаризациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Алсак, 2016-2017-жылдарга карата инвентаризациялоо боюнча жыйынтык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана коопсуздук Кеңешинин Катчысына жөнөтүлгөн.

Алар Башкы прокуратуранын талабына ылайык негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун иликтеп, процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн көзөмөлдөөчү органына жиберилди.

Тергөө мөөнөтүн негизсиз узартуу, кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскартуу жана токтотууга, ошондой эле токтотулган кылмыш иштеринин келечегин карап чыгып, процессуалдык чечим чыгаруу максатындагы анализдөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын май-июнь айларынын аралыгында УКМКнын ККК тергөө бөлүмдөрүнүн жана башка укук коргоо органдарынын материалдары боюнча 117 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 60 кылмыш иши коррупциялык багытта болду.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү (кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып алуу) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтириген чыгымдын жалпы суммасы 1 млрд. 150 млн. 545 миң. 549 сомду түзүп, алардын ичинен 95 млн. 478 мин. 692 сом мамлекеттик бюджеттин пайдасына түшкөн. Башка козголгон кылмыш иштери боюнча аныкталган чыгым 519 млн. 219 миң. 937 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий