• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК №21 мектеп-интернатынын жана «Нур+» борборунун тарбиялануучуларын куттуктады

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жаңы жылдын алдында Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн №21 адистештирилген мектеп-интернатына, ошондой эле “Нур+” реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу маанайда №21 мектеп-интернатында УКМКнын башчысы аталган мекеменин жалпы жамаатын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды. Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектерин айтышып, жаңы жылдык программаны көрсөтүштү.

Жолугушуунун аягында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды. Андан кийин КР УКМК төрагасы “Нур+” реабилитациялык борборуна барып, жалпы жамаатты жана балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырды.

№21 мектеп-интернатынын жана “Нур+” реабилитациялык борбордун жетекчилиги колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн Камчыбек Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий