• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Баткенде жергиликтүү тургундун унаасынан 7 кг баңгизат табылды

Аймак 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Баткенде жергиликтүү тургундун унаасынан салмагы 7 кг болгон баңгизат табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын тургуну "“К.К." аттуу жаранга тиешелүү "Опел" үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган жеринен болжол менен 7 кг салмактагы баңги заты табылып алынды.

"Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңги заты гашиш (кара куурай) экени аныкталды. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий