• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

УКМК 9-кызматынын жаңы башчысынын өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын зардалы катары Сабыров Токтосун Ырыскелдиевичди дайындады.

Өмүр баян

1972-жылы 9-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн

Билими:

1989-1994-ж.ж. – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУ, юридикалык факультет, “укук таануу” адистиги.

1995-1997-ж.ж. – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин алдындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту, экономика факультети, «Финансы жана банк иши» адистиги.

Кошумча билими:

1998-1999-2001-ж.ж.

Атайын окуу-машыгуу антитеррордук борбор, АКШ

Атайын күчтөрдүн окуу-машыгуу борбору, Франция, Париж шаары.

РФ ФКБ Академиясынын атайын факультети, Москва шаары.

Иш тажрыйбасы:

2010-2016-ж.ж.- Кыргыз Республикасынын УКМК

2009-2010-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлиги, министрдин орун басары

2008-2009-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын миграция жана жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитети, төрага орун басары

2006-2007-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын ИИМ Паспорт жана виза көзөмөлү департаменти, департамент начальнигинин орун басары

2005-2006-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын ИИМ Паспорт жана виза көзөмөлү башкармалыгы, башкармалык начальнигинин орун басары

2004-2005-ж.ж. - «КазВторЦветМет» ААК коопсуздук кызматынын начальниги, Казакстан Республикасы, Алматы шаары

2003-2004-ж.ж. - «Вимпекс» компаниясынын регионалдык бөлүмүнүн коопсуздук кызматынын начальниги, Казакстан Республикасы, Тараз шаары

2001-2003-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын оперативдүү бөлүктөрү

1998-2001-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын УКК «Альфа» атайын операциялар башкармалыгы, “Калкан” антитеррордук борбору

1994-1998-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгы

Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт, англис тилинде сүйлөшө алат.

Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.

Пикир

Оставить комментарий