• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Айдоочунун өлүмүнө шектелген инспекторлор 19-сентябрга чейин камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Бишкекте айдоочунун өлүмүнө шектелип кармалган Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылаййык, УКМК Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери жаран А.Ч.ны өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө жана ошондой эле аларга карата 2021-жылдын 19-сентябрына чейинки мөөнөткө КР УКМК тергөө камак жайына кармоо менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды.

Пикир

Оставить комментарий