• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: «Айыл Банк» тарабынан ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз берүү фактылары тастыкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. «Айыл Банк» ААКсынын коррупция фактысы боюнча иликтөө иштери башталды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, президент Жапаровдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган тапшырмасына ылайык, УКМК 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон «Айыл Банк» ААК ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, «Айыл Банк» ААК тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу боюнча ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары боюнча маалыматтар тастыкталды.

Мындан тышкары, аталган насыялар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталганы, чындыгында бул кредиттердин банкка төлөмдөр боюнча чоң карызы бар экендиги аныкталды.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, анын алкагында тергөө тарабынан, жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» ААКтын жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий