• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК «Айыл Банктын» бир катар жооптуу кызматкерлерин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. «Айыл Банктын» бир катар жооптуу кызматкерлери кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайы, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, кредиттик каражаттарды максатсыз атайылап чыгаруудан турган (100% мамлекеттик үлүшү) «Айыл Банк» АКК коррупциялык схемасы текшерилүүдө.

2017-жылы «Айыл Банкт» ААКсы «Россиф» ЖЧК жеке ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 млн АКШ доллары (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берилген.

«Россиф» ЖЧКсы тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк КРнын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде, 2022-жылдын 8-февралында УКМК тарабынан насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын лоббирлөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн «Айыл Банк» ААКнын бир катар жооптуу кызматкерлери - «Ш.У.Ж.», «С.М.А.» жана «А.Ж.А.» аттуу жарандар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында процессуалдык чечимдер кабыл алынат, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий