• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Ноокатта айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айылынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерлери мыйзамсыз сатылган.

4-июнда УКМК тарабынан Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы спикери, учурдагы депутаты К.Д.Т. жана Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы депутаты М.К.Ага Кылмыш-жаза кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде айып коюлуп, ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан 30-июнга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда жерлерди мыйзамсыз сатуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий