• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК Айыл чарба министрлигинин алдындагы башкармалыктын кызматкерлерин жана ишкерлерди кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатында уюшкан топтун мыйзамсыз иштери токтотулду, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек Өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин коррупциялык иштери боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Ата мекендик айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө өткөрүү жол-жоболорун талдоонун натыйжасында, аталган башкармалыктын айрым кызмат адамдары жеке бизнестин өкүлдөрү менен сүйлөшүп алуу жолу менен, айыл чарба продуктыларын республиканын чегинен тышкары жерлерге тоскоолдуксуз ташып чыгууга багытталган уруксат кагаздарын мыйзамсыз тариздөө үчүн акчалай сыйлык түрүндө мыйзамсыз киреше алуу үчүн туруктуу канал уюштурушканы аныкталды.

Ошондой эле экспорттоого айрым гана компаниялардын укукка ээ болгону, алардын коррупциялык иштерге аралашканы, ошону менен катар өзгөчө ири өлчөмдө салыктарды төлөбөгөнү аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй-Бишкек Өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгынын кызматкерлери Дж.Г.К. жана «Дж.А.М.», ошондой эле жеке бизнестин өкүлдөрү X.A.X, Х.Ш.Х., жана Э.М.К. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий