• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Айыл өкмөт башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Айыл өкмөт башчысы пара алып жатан жеринен кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-мартында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан жер мыйзамдары чөйрөсүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактыларын алдын алуунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-жылкы С.Д. аттуу жаран 1000 АКШ долларын алып жаткан учурунда кармалган.

"2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20 га жер тилкеси бекитилген. Бирок, көрсөтүлгөн жер тилкеси жергиликтүү органдарына катталбай калган. Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, С.Д. Ж.К. аттуу жаранга аталган жер тилкесине зарыл болгон документтерди даярдап берүү үчүн 5 миң АКШ долларын талап кылгын", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды.

Шектүү адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий