• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК Ахматбек Келдибековду суракка чакыргандыгынын себебин түшүндүрдү

Коом 0


Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын туура эмес көрсөткөндүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Азаттык” партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков сурак берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ахматбек Келдибековдун видеосу интернетке жарыяланганын, анда ал Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын техникалык жабдылышынын ачык-айкындуулугуна шек келтиргенин маалымдайт.

Буга байланыштуу тиешелүү кылмыш ишинин алкагында А.Келдибеков, санариптик өнүктүрүү министри Д.Догоев жана БШКнын башкармалыгынын башчысы А.Акимбаев иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн суракка чакырылган.

Ошону менен бирге эле Келдибеков менен парламенттик шайлоодо БШК тарабынан мыйзам бузуулар болгон деген ырасталбаган божомолдорду ачык талкуулоо үчүн аянтча түзүлдү.

БШКнын компетенттүү кызматкерлери келтирген төгүндөлгүс далилдердин жана жүйөлүү аргументтердин натыйжасында Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясына койгон айыптарынын негизсиздигине жана ал тарабынан айтылган версиялардын туура эмес экендигине жеке ынанды.

Катышуучулар өлкөнүн парламентине шайлоолор талапкер Ахматбек Келдибековдун БШКнын программалык камсыздоосунун жана техникалык жабдыктарынын иштешине байланыштуу бардык суроолоруна, анын ишине сырттан кандайдыр бир кийлигишүүнүн жана шайлоонун иш жүзүндөгү жыйынтыктарын бурмалоонун мүмкүн эместигин ырастаган толук жоопторду беришти.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, анын жыйынтыгы өз убагында коомчулукка маалымдалат. Ошону менен бирге, УКМК шайлоо процессине байланыштуу бардык саясий күчтөрдү жана талапкерлерди коомчулукту адаштырбоого жана өлкө жарандарынын пикири менен спекуляция кылбоого чакырат, анын аягы терс кесепеттерге, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий