• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Ала-Букада милиция кызматкерлери пара менен кармалды

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Такталгандай, Ала-Бука ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү "М.Э.М." ошол эле ИИБнин участкалык инспектору "К.И.М." менен сүйлөшүп алып "А.Д.Н." аттуу жарандан, денеге жаракат келтирүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн акча талап кылышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

"А.Д.Н." аттуу жарандан кайрылуусунун негизинде бул факт боюнча сотко чейинки иш башталып, ал Кылмыш кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

УКМКдан билдиришкендей, 18-январь күнү 35 миң сом өлчөмдө пара алып жаткан жеринен Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн "М.Э.М." жана "К.И.М." аттуу кызматкерлери кармалышкан.

Учурда эки кызматкер Жалал-Абад шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий