• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Албек Ибраимовго кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирүү тапшырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирүү тапшырылды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 17-январда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы «ТНК «Дастан» ААК тарабынан «Пансионат «Солнечный берег» ААКнын 100%дык пакет акциясын төмөдөтүлгөн баада сатуу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, А.Ибраимовго КРнын азыркы ишке киргизилген Кылмыш жана Кылмыш жаза кодексине ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,2-пункттары боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирүү тапшырылган.

"Аныкталган боюнча президенттик аппарат башчысынын жетекчилиги жана көрсөтмөсү менен «ТНК «Дастан» ААК төрагасы Ю.В. «Пансионат «Солнечный берег» ААКнын 100 пайыз акциясын ылдыйлатылган баада сатып, жыйынтыгында «ТНК «Дастан» ААК 82 750 556 сом өлчөмүндө чыгым келтирилген",- деп айтылат маалыматта.

«ТНК «Дастан» ААК 98 пайызы мамлекетке тиешелүү.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Пансионат «Солнечный берег» ААК 100 пайыз акциясынын ээси М.Б., келтирилген 82 750 556 сом өлчөмүндөгү чыгымды толугу менен мамлекеттин эсебине которуп берди.

Пикир

Оставить комментарий