• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Алдамчылык фактысы боюнча ЖКнын мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Алдамчылык фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги системалуу коррупцияны жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү, алардын негиздерин жоюу, аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, ошондой эле өлкөдө инвестициялык климатты камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жасалган ири алдамчылык фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ошол кезде КР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон А.А. аттуу КР жаранынын алдамчылык аракеттеринен улам 2 млн АКШ доллар өлчөмүндө зыян тартканы тууралуу УКМКга ишкер арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде А.А. аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 2022-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Айрым маалыматтарга ылайык, кармалган адам мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаты Алиярбек Абжалиев.

Пикир

Оставить комментарий