• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Алдамчылык менен эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Алдамчылык менен эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-июлунда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган И.Р.А. аттуу Россиянын жараны кармалды.

Азыркы учурда КР УКМК кармалган И.Р.А. Россиянын аймагына экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Маалымат катары: И.Р.А. Россиянын Алтай аймагынын Барнаул шаарында («Банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык») боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий