• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Алдамчылыкка шектелип «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактысы боюнча Ысык-Көл областында «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Рузиев Камилжан Якупович кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

“К.Рузиевден жабыркагандар болсо КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 жана КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0312 660475 телефондоруна кайрылсаныздар болот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий