• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Рустам Маманов менен Рустам Воинов кармалды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Александр Воинов эмес, Рустам Воинов кармалгандыгын билдирет.

Айта кетсек, айрым ЖМКда УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен КР кикбокс боюнча федерациясынын президенти Александр Воинов жана коомдук ишмер, мурдагы депутат Рустам Маманов кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.

“Кабар” агенттигине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Александр Воинов эмес Рустам Воинов жана Рустам Маманов кармалгандыгын кабарлады. “Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кармоонун себебин айта албайбыз”,-деп билдирди ал.

УКМКдан Рустам Воинов ким экендиги тууралуу маалымат беришкен жок.

Пикир

Оставить комментарий