• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: Алина Шаиковага издөө жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова издөөгө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, УКМКнын Башкы тергөө кызматы Мамлекеттик каттоо кызматы, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы, Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызмат адамдарына жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду жасоо кызматын сатып алуудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Айтылган кылмыш иштин фигуранттарынын бири болгон Каттоо кызматынын мурдагы башчысы А. Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес.

"Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан А. Шаиковага КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмышка шектүү деген билдирмеси жөнөтүлгөн. КР Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык А. Шаиковага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу КР УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий