• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Алтын аткезчилиги боюнча тергөө иштери жүрүп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.20. /Кабар/. УКМК КР президенттигине талапкер А.Сегизбаевдин саясий куугунтукка алынгандыгы жөнүндө билдирүүлөрүнө карата өзүнүн позициясын билдирет.

“2019-жылдын март айында Аскер прокуратура тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен жең ичинин сүйлөшүп алып, айрым жеткирип берүүчүлөр тарабынан зер буюмдардын өзгөчө ири өлчөмдө аткезчилик жол менен ташылып келишине байланыштуу бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы УКМК ыкчам бөлүмдөрүнүн бири республикага контрабандалык жол менен ташылып келе жаткан салмагы 22 килограммдан ашык алтын зергер буюмдарынын ири партиясын кармагандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча УКМКнын ошол учурдагы жетекчилиги тергөө алдындагы текшерүүнү токтотуу жана конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берүү жөнүндө мыйзамсыз буйрук берген. Натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылып, күнөөлөрүн мойнуна алышып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сомдон ашык зыяндын орду толтурулган.

Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Көрүлгөн чаралардын алкагында жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар, УКМКнын мурдагы кызматкери Б.Э кармалып, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Д.Чоткораев күбө катары суракка алынды.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча УКМК мурунку жетекчилигинин иш-аракеттерине юридикалык баа берилип, ал тууралуу коомчулукка маалымат берилет”, - деп билдирет УКМК.

Пикир

Оставить комментарий