• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК Америка университетинин имаратында жана анын айланасында жардыруучу затты издөөдө

Коом 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. УКМКнын атайын кызматкерлери Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратында жардыруучу затты издеп жатышат.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде болжол менен саат 13?37 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө БААУнин маратында жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерде ыкчам түрдө УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери чыгып кетишкен. Имараттын айланасы курчалган. Кызматкерлер жана студенттер имараттан чыгарылды.

Учурда имарат жана анын айланасы текшерилүүдө.

Ошондой эле УКМК телефондук “террорчуну” табуу үчүн ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий