• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Араванда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Араванда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Араван Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фельдшери, 1978-жылы туулган Абдулкасымова Гульнарахон Абдурасиловна аныкталды.

Такталган маалымат боюнча Г.Абдулкасымова социалдык тармактар аркылуу Тепе-Коргон айыл аймагынын Эрке-Кашка айылында бир адамдан коронавирус табылды деген жалган маалыматтарды тараткан.

Аталган адам менен түшүндүрүү иш-чаралар өткөзүлүп, жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий