• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Asia Mall соода борборунда бомба коюлду деген жаран аныкталды

Коом 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Бишкектеги Asia Mall соода борборунда жардыруучу зат коюлду деген жаран аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жооптуу иш-чаралардын планына ылайык, теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана соода борбордун өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте соода борборунун кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланган.

КР ИИМдин кинология кызматы тарабынан имараттын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес, ошондуктан саат 19:00дө соода борборунун иши кайра жандандырылган.

Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө боюмба тууралуу билдирген уюлдук номердин ээси КРнын жараны «Т.И.» аныкталып, бул кылмышка катыштыгы бар экени такталууда, ошондой эле окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий