• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Аскарбек Шадиевди издөө иштери уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-февралында КР УКМК АКШда жашырынып издөөдө жүргөн КРнын жараны А.А.Шадиевге карата Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигине расмий түрдө кайрылды.

А.А.Шадиевге карата КР УКМК тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, ал Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий