• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Атайын эсепке кезектеги акча төлөмдөрү которулду

Экономика 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Атайын эсепке кезектеги акча төлөмдөрү которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басм сөз кызматы билдирет.

"2018-жылдын 10-августунда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2,15 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду", - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 141, 604 млн. сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий