• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК атайын кызматтардын жетекчилиги менен байланышы бар экендигин айткан "алдамчыны" кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 30-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Э.И.У. аттуу жаран кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, аталган жаран жасалма документтерди колдонуу менен жеке адамга Ысык-Көл облусунун аймагындагы пансионаттардын бириндеги коттеджди 40 миң АКШ долларына саткан. Ошондой эле мурда алынган каражатты кайтаруудан баш тартып, атайын кызматтардын жетекчилиги менен байланышы бар экендигин айтып коркуткан.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгү (“Алдамчылык”) боюнча Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий