• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК башчысы Ташиев Атамбаевдин абалы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК тергөө камак жайында кармалып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин акыбалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Иш чаранын жүрүшүндө атайын кызматтын башчысы Атамбаевдин кармалышынын абалы жана ден соолугунун абалы менен таанышты.

Өз кезегинде, Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттары жана аракеттерине эч кандай дооматы жок экендигин айтып, ден соолугунун начардыгын белгиледи.

УКМК төрагасы тиешелүү кызматтарга Атамбаевдин ден соолугунун абалын кылдаттык менен текшерип чыгууну, андан кийин зарыл болгон учурда аны медициналык мекемеге жаткыруу жөнүндө чечим кабыл алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий