• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Атайын кызматтын кызматкерлерине кол салгандар изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.17. /Кабар/. Атайын кызматтын кызматкерлерине кол салгандар изделип жатканын КР УКМК Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 2017-жылы 9-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы эл аралык террордук уюмдун жашыруун бир бөлүгүнүн ишмердүүлүгүн жоюу боюнча ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Ош облустук УКМК эки кызматкери бычак менен жаракат алышкан.

Учурда кызматкерлердин абалдары туруктуу.

Атайын пландын негизинде ЭТУ мүчөлөрүнүн өздүктөрү аныкталды. Кылмышкерлер изделүүдө.

Бул факты боюнча Ноокат райондук ИИБде кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий