• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Атамбаевдин абалы канааттандырарлык

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлайт.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдун жылдырылгандыгына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдүн билдирет:

«Азыркы учурда А.Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Анын эч кандай данаттуусу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бирок белгисиз себептерден улам 2020-жылдын 22-апрелинде Атамбаев соттук процесске катышуудан баш тартты».

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Пикир

Оставить комментарий