• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Эске сала кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өтүшү керек болчу. Бирок отурум 25-майга жылдырылды, ага саламаттыгына байланыштуу А.Атамбаевдин сотко келбегендиги себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий