• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Азыркы учурда анын эч кандай даттануусу жок.

Атамбаев учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Мурдагы президент бир катар кылмыш иштери боюнча айыпталууда. Алсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон окуялар боюнча.

Пикир

Оставить комментарий