• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК атамекендик ЖМКларды жалган маалымат таратпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Кыргызстандагы айрым ЖМКлар чек арадагы окуя боюнча тажик тараптын такталбаган маалыматын тараткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдиргендей, бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы орун алган окуяга байланыштуу ЖМКлар тарабынан жалган маалыматтар тараган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, атамекендик маалымат каражаттарынын бири Тажикстандын чек ара кызматынын такталбаган маалыматын тараткан.

“Белгилей кетсек, кыргызстандык журналисттеринин бул кадамы эки элдин ортосундагы мамилеге жана биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, ошондой эле Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, буга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары да, ушул сыякту маалымат тараткандар да абдан дыкаат болушу керек. Бүгүнкү күндө ар бир интернет колдонуучу күмөндүү булактардан алынган туура эмес маалыматтардан дүйнөнүн жеке сүрөтүн түзө алат.

“Мекенибиздин тагдыры, биздин аскер кызматчыларынын жана чек арага жакын райондордун жарандарынын келечеги ушундай сыяктуу маалыматтардан көз каранды.

Буга байланыштуу КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын, биздин мамлекетти алсыздандырууга аракет кылып жаткан күчтөргө көмөк көрсөтпөстөн, такталбаган, жалган маалыматтары таркатпоого чакырат”, - деп кошумчалашты УКМКдан.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Бирок ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон.

Саат 16:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.


 

Пикир

Оставить комментарий