• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Автомобилдик катализаторлорду өлкөдөн мыйзамсыз алып өтүү ишине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Автомобилдик катализаторлорду өлкөдөн мыйзамсыз алып өтүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМК экономикалык контрабанда фактысы боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баалуу металлдарды мыйзамсыз экспорттоого бөгөт коюу боюнча иш-чараларды көрүүдө.

2021-жылдын 18-июлунда бажы органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө баалуу металлдарды (платина, палладий, родий) алуу үчүн "Манас" эл аралык аэропортунан Европа өлкөлөрүнө жалпы салмагы 1 тоннадан ашык автоунаалардын катализаторлорун мыйзамсыз экспорттоого аракет кылып жаткан жүк кармалды.

Мындан тышкары, буга чейин маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК автомобиль катализаторлорун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуунун, андан кийин Европа өлкөлөрүнө экспорттоонун белгиленген схемасын аныктап, бөгөт коюлган:

  • 2021-жылдын 23-февралында Литва Республикасына автомобилдик катализаторлорду экспорттоого аракет кылып жатканда, салмагы 2 тоннага жакын контрабандалык жүк кармалган;
  • 2021-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарындагы автомобилдик катализаторлорду чогултуу жана сатып алуу боюнча 12 пункттун иши токтотулду, анда чет жакка жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана автомобиль катализаторлору алынган.

Милдеттүү техникалык кароо жоюлгандан кийин, автомобилдик катализаторлорду сатуу үчүн техникалык тейлөө станцияларында массалык түрдө аларды алып салуу тенденциясы өсүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда, катализаторлордо баалуу металлдар бар жана аларды Европага сатуу чоң киреше алып келет. Бирок, катализаторсуз унаадагы колдонулган газдар адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө бир нече коркунуч алып келет, себеби топуракка оор металлдар, кычкылдануу жана күйүү продуктулары кирет, ал эми түтүн бөлүкчөлөрү уулуу затты пайда кылат, бул экологиялык кырдаалга терс таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасынын УКМК автомобиль катализаторлорунун көзөмөлсүз сатып алуунун жана экспорттоонун алдын алууга жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин улантууда.

Азыркы учурда тиешелүү органдар автомобиль катализаторлорун экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселесин карап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий