• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: «Азаттык» радиосунун журналисттери суракка келиши керек

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. «Азаттык» радиосунун эки журналисти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка келиши керек. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобунун өндүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш.

«2019-жылдын 2-декабрында «Азаттык Медиасынан» кат келген. Анда Токтакунов менен Исаков учурда «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде иштеп жаткандыктан «Азаттык» алар скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирген», - деп айтылат маалыматта.

УКМКда белгилешкендей, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 194-беренесине (дистанциялык суракка алуу) дал келбейт.

«Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну сурайбыз»", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий