• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКМК: "Азия ньюс" гезитинин башкы редакторуна карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. "Азия ньюс" гезитинин башкы редакторуна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-августунда КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнө (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)) ылайык "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору А.Сартбаевге карата кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул факты боюнча А.Сартбаев интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экендиги боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий