• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Баңгизаттарын өндүрүү үчүн ташылган прекурсорлордун ири партиясы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. 2019-жылдын 25-апрелинде КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ири баңги каражаттарын жана прекурсорлорду контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюу жана аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ош облусунун аймагынан “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1994-жылкы Ош облусунун тургуну Э.у.Р., жана коңшу мамлекеттердин биринин 1983-жылкы Н.А., аттуу жараны кармалышты.

Унаанын багажын текшерүүдө контрабандалык жол менен коңшу мамлекеттердин бирине алынып бара жаткан 101 литр ангидридуксуз кислотасы куюлган, 10-13 литр өлчөмүндөгү 8 даана желимчелектер табылган.

Бул факт боюнча УКМКнын Тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштер башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Маалымат катары: 0,5 литр ангидридтен 1 кг героин өндүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий