• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан контрабанда жолу менен баалуу металлдарды мыйзамсыз ташып келүүнү жана сыртка алып чыгууну аныктоо жана болтурбоо боюнча көрүлгөн иш-чараларынын алкагында Манас эл аралык аэропорту “МЭА” ААКсынын Ош филиалынын чыгуучу залында жалпы салмагы 1 кг 450 граммды түзгөн алтынды алып өтүп бара жаткан адам кармалды.

2022-жылдын 3-мартында “МЭА” ААКсынын Ош филиалынын Ош-Стамбул багытындагы рейси менен учуп жаткан 1979-жылдын туулган Р.Ш.Я., аттуу Өзбекстандын жаранынан колго жасалган сары метал буюмдар табылып алынды.

Белгилей кетсек, «адамдардын жеке колдонуу үчүн товарларды Бажы бирлигинин чек арасы жана аларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуунун» 2.1-пунктуна ылайык кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктары экспортоодо же импортоодо сандык чектөөлөргө дуушар болгон товарлардын тизмесине кирет.

УКМК тарабынан чогултулган материалдарга юридикалык баа берилип, аталган иш боюнча тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий