• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Бабановго карата козголгон эки кылмыш ишин иликтеп жатат.

"Алар Ош шаарындагы “Амир-Тимур” кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкты даярдоо боюнча козголуп, учурда токтотулган кылмыш иши", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан кошумчалашкандай, азыркы учурдабиринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий