• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Бабанов суракка чакырылды

Коом 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Өмүрбек Бабанов, КР Башкы прокуратурасы тарабынан президенттикке талапкерге карата, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылды", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, Бабанов ал кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий