• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Бабановдун билдирүүсү чындыкка дал келбейт

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.17. /Кабар/. КР президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 1-октябрында өткөн маалымат жыйында КР президенттигине талапкер Ө.Бабанов анын шайлоо алдындагы рейтинги талкууланган “атайын кызматтардын жыйындары” тууралуу маалыматтары бар экенин билдирген. Ушундай эле маалыматты чет элдик эксперттер жана Ө.Бабановдун шайлоо штабы менен кызматташкан ЖМКлар колдоно башташкан.

“Бабановдун билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Ал жана анын шайлоо рейтинги улуттук коопсуздук органдары үчүн эч кандай кызыкчылык жаратпайт”, - деп билдиришти атайын кызматтан.

Ал гана эмес, УКМК Бабановдун мындай билдирүүлөрүн коомдук пикирди адаштыруу жана анын активдүү катышуучусу менен УКТ мүчөлөрүнүн катышуусунда бийликти басып алуу максатында массалык башаламандыктарды даярдоо аракети катары баалайт.

“Жогоруда айтылгандарга ылайык, жаран Ө.Бабановго анын билдирүүлөрү негизделген маалыматтарды коомчулукка көрсөтүүнү сунуштайбыз. Андай болбогон шартта президенттикке талапкер Ө.Бабанов кезектеги ирет коомчулукалдында жалган сүйлөгөн катары эсептелип, анын аракеттерине тиешелүү бааны коомчулук берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий