• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК Бабановдун билдирүүсүн эч кандай негизсиз деп атады

Коом 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун билдирүүлөрү эч кандай негизсиз. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон бүгүн, 15-октябрда өткөн маалымат жыйында президенттикке талапкер Бабанов “УКМК тарабынан даярдалып жаткан чагымчылык тууралуу” билдиргенин айтышты.

“Айтылгандарга ылайык жаран Ө.Бабановго анын жасаган көпчүлүккө жасаган билдирүүлөрү негизделген коомчулукка маалыматтарды көрсөтүүнү сунуштайбыз. Алар жок болгон шартта, талапкер Бабанов коомчулукту адаштырган деп эсептейбиз”, - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий